Депутат Роза Акназарованын айтымында, Жогорку Кеңештин жаңы кабыл алынган 2016-жылга чейин өнүгүү стратегиясы ишке ашса, парламентте бир топ иштер жаңы нукта иштеп баштамакчы. Ал мындай пикирин 6-февраль күнү билдирди.“Жогорку Кеңеште бул стратегия ишке ашса, көп иштер жаңыча иштеп баштайт. Атап кетсек, иш кагаздарын электрондук жүгүртүү, электрондук турникет, видеоконференция уюштурулат. Стратегия - жалпы багытты көрсөткөн ири документ же Жогорку Кеңештин Конституциясы. Ал кабыл алынгандан кийин ишке ашыруу боюнча жоболорду камтыган ички документтер иштелип чыгат", - деди Акназарова.