
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы мурдагы муфтий, коомдук ишмер
Чубак ажы Жалилов Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.
Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийинин кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, муфтийдин, казылардын, башкы имам-хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон.

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировщиги", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси, эстрада ырчысы
Ильяз Абдыразаков Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы ойносо, ал эми апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген. Ильяз кичинесинен кыңылдап жүрүп, өз алдынча обон чыгарууга аракеттенет. Ошол кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштаган.

* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы Вьетнам согушунун эң кандуу күрөштөрүнүн бири Кхешанини басып алуу башталган. Анда Вьетнамдын улуттук армиясы менен АКШнын деңиз аскерлери Кхешань аскер базасы үчүн салгылашышкан. Адистердин айтымында, бул салгылашуу Вьетнам согушундагы эң узак убакытка созулган күрөштөрдүн катарына кирген. Кхешанини басып алууда 205 америкалык аскер каза болсо, вьетнамдыктардан 1600дөй аскер каза тапкан. Бирок такталбаган маалыматтар боюнча, вьетнамдыктар тараптан жоготуулар 10-15 миңге жеткен деп айтылат.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Орусиянын Ставрополь шаарындагы өз үйүндө Хан каймана аттуу "кримавторитет", бизнесмен, 60 жаштагы
Владимир Слизаев, аялы, багып алган уулу, кызы, күйөө баласы, айдоочусу жана 2 үй кызматкери кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн 2-кабатта уктап жаткан Слизаевдин 2 небереси гана тирүү калган.