Ош-Исфана жолунда автокырсык болуп, 1 адам каза тапты

Кадамжай районунда 21-январда саат 01:30 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 133-чакырымында, Халмион айыл өкмөтүнүн Гүлдүрөмө айылында жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Фольксваген Б-3 үлгүсүндөгү автоунаанын (мамлекеттик номуру Б 44 82 И) айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдун жээгиндеги каналга кулап түшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнын Кадамжай шаарындагы куткаруучулары барышып, жабыркагандарды жана каза болгон адамды каналдан чыгарып, райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкени кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jasi
2015-01-21 09:10:18
Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
sabyr1977
2015-01-24 02:31:14
Куткаруучулар барганча жабыркагандар да каналда жата бериптирби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан