Өзгөндө өрт кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо 20-январда саат 23:30 чамасында катталган. Анын кесепетинен жыгач устундуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерден 1928-жылы туулган үй ээси Топчубай Ормоналиев жана жубайы Ырысбүбү Өмүрканованын күйгөн денелери табылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.