7-февраль күнү Москва шаарында укук коргоо кызматкерлери тарабынан кыргыз жаранын сабап, бычактап салышкан такыр баштар (скинхед) кармалды. Орусиялык ММКлар жарыялагандай, 19-январда кылмышка шектүү 16-21 жаштагы 4 орус жараны кыргызстандык 26 жаштагы жаранды токмокко алышып, бычактап кетишкен. Алар кыргыз жаранына жолукканда “такыр баштардын кыймылынан болобуз” деп айтышкан. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду. Жабыр таркан кыргыз жараны ооруканага жеткирилген.