Ош шаардык мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-январь күнү Ош шаардык мэриясынын кызматкери 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал шаар тургунуна жер тилкесин алып берерин айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.