Токмок шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 53 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал өткөн жылдын 20-июлунда белгисиз адамдар үйүндө токтоп турган жеңил унаасын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 27 жаштагы жашоочусу кармалган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.