Борбордо уурдоо фактысына шектелген айым кармалды

Борбордо уурдоо фактысына шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ш.Т. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 27-декабрь күнү саат 14:30 чамасында белгисиз жарандар анын соода кылып жаткан жеринен 18 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 25 жаштагы А.М. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан