Ысык-Көл облусунда жалпы катталган кылмыштардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 1910дон 1867ге түшкөнү менен, кылмыш жасагандардын саны өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ысык-Көл облустук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш кылган жарандардын саны 2013-жылдын көрсөткүчү боюнча 1651ден 1693кө өсүп, 42 кылмышкерге көбөйгөн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, кылмыш кылгандардын 65,2 пайызы жумушсуздар. Кылмышка баргандар 18ден 50 жашка чейинкилер болуп саналат. Бул жалпы көрсөткүчтүн 76,9 пайызын түзүүдө.