Борбор калаада "чет элдик жарандарды тоноп жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир катар тоноо фактыларына шектүү катары кармалган 20 жаштагы Иманкожо уулу Нурсултандын башка кылмыштарга да катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Эгер бул жарандан жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү номурларга кайрылыңыз: 0543 18-44-57, 0555 18-44-57.