Ак үйдүн жанында Аида Салянованын кызматта калышын талап кылган тарапташтары тарап кетишти, алар бул талап менен эртең да митингге чыга турган болушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу Сагийпа Исламова билдирди.
"Митингге келгендердин ичинен бешөөбүздүн аты-жөнүбүздү жазып, Ак үйдүн ичине киресиңер деп айтышкан болчу. Бирок ал жакка бирибиз да кире алган жокпуз. Бизге Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков чыгып, "Аида Салянова кызматынан бошотулду" деп айтты. Биз Аида Салянованын кызматына кайтып келишин талап кылып, эртең да митингге чыга турган болдук",- дейт С.Исламова.
Эске салсак, бүгүн эртең мененки саат 08:00дөн бери Ак үйдүн алдында башкы прокурордун кызматында калышын талап кылып анын тарапташтары митинг өткөрүштү. А бирок Жогорку Кеңеш мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүүгө жазган арызын карап, ага 57 депутат “макул”, 18 депутат “каршы” деп добуш берди. Эми башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка президент кол коймокчу.