Ички иштер министрлигинин академиясындагы бычакташуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган академиядан бүгүн, 21-январда билдиришти.
“Мындай факты катталган. Азырынча тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында эки студентке тиешелүү чаралар көрүлөт” дешти академиядан.
Буга чейин 1-курста окуган бала 2-курстун студентин санга сайып жибергени айтылган.