Маданият, маалымат жана туризм министри менен Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен жолугушуп, биргеликте алып кете турган иштер боюнча баарлашты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасы талкууланып, дүйнөлүк, анын ичинде балдар адабиятынын котормолорун чыгаруу маселелери да айтылды. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, айрыкча телерадиодо жана интернет басылмаларда мамлекеттик тилди даңазалоо, мамлекеттик тилди окутуу жана кыргыз тилинин адабий нормаларын сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди жүргүзүү жөнүндө сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
OTYPBARATYPELEEE
2015-01-21 22:07:49
Теле радиодон тилди даназалагандан мурда, ошол теледе КЫРГЫЗ ТИЛДИН ашмалтайын чыгарып, маскара кылып жаткан доодурогон жарнактардын котормосун тартипке келтирсенер болмок. "Океандай витаминдер, колдой пайдалуу жемиш", "думуктурулган сут"-деген сыяктуу тантык жарнамаларды кайра-кайра бердире бербей.
:-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан