“Кара-Кече” көмүр кенинин мурдагы жетекчиси “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ишкананын мурдагы жетекчиси материалдык пайда көрүү максатында жасалма документтердин негизинде 643 367 сом акча каражатын менчиктештирип алган. Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.