Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Октябрь районунун тургундарына акысыз медициналык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган райондун тургундары 24-январга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин бекер медициналык кароодон өтө алышат. Медициналык кароо "Орто-Сай" базарынын аймагындагы биометрикалык маалыматтарды каттоо пунктунун жанында жүргүзүлүүдө. Райондун жашоочулары ультрадобуштуу изилдөөдөн, ЭКГдан өтүп, кулак-мурун, офтальмолог, невропатолог, терапевт, урологдорго көрүнүп, керектүү анализдерин тапшыра алышат.
Иш-чара өлкө аймагындагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө программасынын алкагында өтүүдө.