Борбор калаада өткөн жылдын 5-апрелинен бери дайынсыз болуп жаткан Руслан Чернецов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн 21-январда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы Руслан Чернецов өткөн жылдын 5-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр, арык чырай келген, сол колунда тырыгы бар, ал эми оң колунун бармагы жок. Боз түстөгү көйнөк, күрөң шым, кара күрмө жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде бул адам тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү номурларга кайрылыңыздар: (0312) 43-28-15, (0550) 10-28-72, (0777) 24-76-10.