Жалал-Абад
облустук прокуратурасында коллегия болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда шаардык мэриядан билдиришти.
"Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан
аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү боюнча 1234 текшерүү жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн ичинен 496
каршылык билдирүү, 602 ченемдик-укуктук актыларды четтетүү жөнүндө
647 талап, анын ичинен 85ине алдын ала эскертүү берилген. Ошондой эле 400 тартиптик же
административдик өндүрүш иши козголгон. Келтирилген прокурордук чара
актыларынын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 757 кызмат адамы, административдик жоопкерчиликке 351 кызмат
адамы тартылган",- деп айтылат маалыматта.