Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 15:10 чамасында болгон. Анын күчү борборунда 3,8 баллга жеткен. Зилзала Базар-Коргон айылынан 10 чакырым түндүктү, Кочкор-Ата шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышты, Жалал-Абад шаарынан 26 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.