Талас. Депутат Роза Акназарова төө буурчактын кыргызга гана таандык сортун чыгаруу керектигин билдирди
ЖКнын депутаты Роза Акназарованын Талас облусуна болгон иш сапары учурундагы жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан төө буурчакты Талас облусунун бренди катары кабыл алуу боюнча сунуштар айтылды. Ал эми Акназарова: “Азыр төө буурчак Кыргызстандыкы эмес деп экспорттолуп жатат. Биз төө буурчактын өзүбүзгө таандык сортун чыгарып, документке «Made in Kyrgyzstan» деп жазып экспорттообуз керек",- деди. Эл өкүлү учурда бул боюнча Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлүп жатканын билдирди.