
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы “Ар-намыс” партиясынын лидери, 4-5-чакырылыштагы ЖКнын депутаты
Феликс Кулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген берене боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган. 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолордун натыйжасында ошол убактагы бийлик кулатылганда Кулов түрмөдөн чыгарылып, үч күн бою Бишкекте тартипти орнотууга баш-көз болгон.

* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты
Дамира Ниязалиева Нарын облусундагы Жумгал районунун Арал айылында туулган. Дамира Ниязалиева жогорку билимдүү, 1982-жылы Алматы мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1982-жылы Токмок медициналык окуу жайында окутуучулуктан баштаган.
1983-1984-жылдары – Кыргыз медицина институтунун дары-дармек каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу;
1984-1986-жылдары – Профсоюз комитетинин төрайымы;
1988-1992-жылдары – Токмок медициналык окуу жайынын фармакология боюнча окутуучусу;
1996-2007-жылдары – "Аманат" фирмасынын директору;
2007-жылы – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2010-жылдын октябрында – Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы.

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы мексикалык пианист, композитор, дүйнөгө белгилүү “
Besame mucho” (“Өпчү мени”) ырынын автору
Консуэло Веласкес Торрес жүрөк оорусунан улам каза болгон. Ал 2004-жылы кокустан жыгылып кетип үч кабыргасын сындырып алып, жүрөгүнө доо кеткен. Ошол кырсык музыкант айымды өлүмгө алып келген.
Консуэло Веласкес 1924-жылы 29-августта Мексиканын Сапотлан эль Гранде шаарында туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, таяке-таежелеринин колунда өскөн. Бала чагынан музыкага кызыгып, фортепианодо ойногонду эрте үйрөнөт. Ал Мехикодо музыкалык мектепти аяктап, ошол эле мектепте 15 жашында фортепианодон сабак берип, ырларга музыка жаза баштайт. Консуэло Веласкестин белгилүү “
Besame mucho” (“Өпчү мени”) ыры автор тарабынан 1941-жылы 16 жашында жазылган. Ал эми 1944-жылы бул ыр Нью-Йорктогу хит-парадда жеңип чыккан эң алгачкы мексикалык ыр болгон. Андан соң ал ыр бүтүндөй АКШ, Европа, Азия жана Латын Америкасына тарап, хитке айланган. Ошондой эле Консуэло Веласкеске атактуулукту "Amar y vivir" ("Сүйүү жана жашоо"), "Cachito" ("Качито"), "Que seas feliz" ("Бактылуу бол") ырлары да алып келген.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы “Патриот”, “Баатырдын окуясы”, “Өркөчтүү тоо” тасмаларына катышкан австралиялык актёр
Хитклифф Эндрю Лежердин жансыз денеси өзүнүн Нью-Йорктогу батиринде табылган. Актёрдун өлүмүнүн себеби дароо билинбей, атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын медициналык, наркотикалык жана башка дары-дармектерден ууланып каза болгондугу белгилүү болгон. Актёрдун сөөгү өзүнүн мекени Австралияга жөнөтүлүп, кичи мекени Перт шаарында жерге берилген. Сүйүүктүү актёру менен коштошууга 500дөн ашуун анын күйөрмандары, кесиптештери келишкен.