Таластагы Шекер айылына Ч.Айтматов атындагы Маданият борборун курууга 50 гектар жер керек

Бүгүн 7-февралда, ЖК жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Талас облусунун Шекер айылына жазуучу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата Маданият борборунун курулуш иштери башталуу алдында турганын айтты. “Курулуш башталууда, бирок чечиле элек бир маселе турат. Бул - жерди трансформациялоо. Бул борборду курууга 50 гектар жер бөлүп берүү зарылчылыгы бар",- деди Бокоев. Мындан сырткары депутат улуу жазуучунун 85 жылдыгына карата өкмөт тарабынан өткөрүлө турган иш-чараларга кызыгып, бул боюнча маалымат берүүнү өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө сунуштады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан