Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз сакталып жүргөн 1 килограммдай баңгизат алынды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз сакталып жүргөн 1 килограммдай баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Кутургу айылындагы үйлөрдүн биринде көп көлөмдө мыйзамсыз түрдө баңгизат сакталып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында баңгизат сактап келген Бакыт аттуу жаран кармалган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында табылган баңгизат жалпы салмагы 1 килограмм 150 граммды түзгөн марихуана экени аныкталды. Учурда кармалган жаранга карата кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан