Ош шаарында 19-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Мария Рыбалованы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Мария Рыбалова 19-январь күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал күнү Мария үстүнө кара дублёнка, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Бою болжол менен 160-165 сантиметр. Алдын ала маалыматтарга караганда, бир ай мурун анын атасы, андан көп өтпөй бир тууган агасы каза болуп калган. Мария Рыбалова үй-бүлөсүндөгү жоготуулардан улам депрессияда жүргөнү айтылууда. Кимде-ким бул кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын иликтөө бөлүмүнө кайрылса болот: (03222) 5-71-81 же 102.