Аламүдүн районунда КРнын Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери унаа менен Чоң Чүй каналына түшүп кетип, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-январда саат 09:10до Молдовановка айылындагы №26-колониянын жанында болгон. Анда Митсубиси Галант үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги Жазаларды аткаруу кызматынын 3 кызматкери өздөрү суудан сүзүп чыгып, 1 адам суудан чыга албай каза болгон. Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана ӨКМнын суучулдарды даярдоо борборунун куткаруучулары барышып, каза болгон адамды жана унааны каналдан чыгарышып, райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.