Бишкекте дүкөндүн жанынан ок-дарылар салынган баштык табылды

Бишкектин 8-кичи районунда дүкөндөрдүн биринин жанынан 24 даана ок-дары салынган баштык табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган дарекке барган Октябрь РИИБинин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ок-дарыларды "Эдельвейс" мергенчилик дүкөнүнүн жанынан жашы жете элек Н.Арууке аттуу кыз таап алганын аныкташкан. Кыз ок-дарыларды таап алганын байкесине айтып, ал милицияга кайрылган. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын алкагында табылган ок-дарыларда "Nosler 280 ACK IMP" жазуусу бар экени аныкталды. Аталган факт боюнча суракка алынган "Эдельвейс" дүкөнүнүн ээси Ю.Владимир мындай ок-дарылар анын дүкөнүндө сатылбаганын айткан. Учурда табылган ок-дарылар соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-01-22 12:30:57
Бироо тушуруп койгондур чонтогунон. Атайын эч ким жолдо калтырбаса керек. Андан коро талаага барып ботолко атып келсен жакшы го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан