Кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстанга аткезчилик менен 360 миң сомдук жүктү алып өтүүгө аракеттенген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Доочар айылында 21-январда чек арачылар Кыргызстандын 4 жаранын кармашкан. Алар чек ара аркылуу Өзбекстанга жалпы суммасы 360 миң сомду түзгөн тоок этин, кездеме, электрондук эсептегичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар жана жүк КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.