Кыргызстанда өткөн суткада 5 өрт кырсыгы катталды. ӨКМнын басма сөз кызматынын өкүлү
Эльмира Шерипова билдиргендей, Бишкекте - 2, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 1, Талас
облусунда 1 өрт кырсыгы болду. Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бириндеги өрт кырсыгынан
түтүнгө ууланган эки жаран аймактык ооруканага жеткирилген.