Акыркы суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районунда соода күркөсү күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы соода күркөлөрүнүн бири өрттөндү. Анын кесепетинен соода күркөсүнүн 30 чарчы метр аянты, 3 муздаткыч жана сатыкка коюлган азык-түлүктөр күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Өзгөн шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен күрүчтү кургатуучу жайдын 9 чарчы метр жыгач шыбы толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан