Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу аземи өтүүдө

Бүгүн, 22-январда Бишкектеги Өкмөт үйүндө 3 жылда бир берилүүчү Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу аземи өтүп жатат. Иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев катышууда.

Аталган сыйлык адабият, искусство жана архитектура тармагында эмгектенген инсандарга берилет. Бул жылы Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов "Жалгыздык ыры" аттуу ырлар, поэмалар жыйнагы, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Акбар Рыскулов "Атакенин Акболот" үчилтиги, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев менен Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Гүлмира Эсенгулова "Алтын уя" опереттасы үчүн татыктуу болушту.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан