Сокулук районунда "Камкордук" аталышта жүргүзүлгөн рейддин алкагында "6 жаштагы кызды катуу ур-токмокко алган" деген шек менен кыздын 35 жаштагы таякеси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы Руслан аттуу жаран ал кызды ноябрь айынан бери катуу ур-токмокко алып келген. Ал эми кыздын энеси иштегенге Орусияга кетип, кызын ата-энесиникине таштаган экен. Аталган жарандын жашаган үйүн текшерүү маалында кандын издери бар камчы, кур, таяктар табылган. Учурда алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, кармалган жаранга карата психологиялык жана наркологиялык экспертизалар дайындалды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.