Жылнаама, 23-январь: Мындан 49 жыл мурун Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев туулган

* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Оштун Кара-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1990-жылдардын башында облустук бир мекемеде экономист, башкы эсепчи, 1993-1996-жылдары "Ош азык-түлүк соодасы" АКнын инспектору, андан соң директору болгон. 1996-1998-жылдарда Ош шаардык базарлар башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Кадырбаевдин өмүр таржымалында 2000-жылдардын башында ал бир жылдай Чүй облустук ИИБинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери да болгону жазылган. Айтмамат Кадырбаев 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин Курманбек Бакиевдин командасында иштеген. Оштогу темир-бетон каражаттарын чыгарган заводдун башчысы, 2007-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басары болгон. 2010-жылдын 13-майында Бакиевдин тарапташтары менен обладминистрацияны басып алып, “элдик губернатор” аталган. 2012-жылдын март айында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. 2014-жылдын 15-январында Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө Ош шаарынын мэри болуп шайланган.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы "Супер-Инфо" гезити 40 бет болуп чыккан. Жалпы кыргыз журтчулугунун сүйүктүү гезитине айланган "Супер-Инфо" 2002-жылдын май айында негизделип, алгачкы саны ушул эле жылдын 31-майында жарык көргөн. Замандын талабына ылайык, гезит ал кезде баш катырмаларга: сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Алгач гезит аз гана барактан турса, 2006-жылдын 12-майынан тарта "Супер-Инфо" 24 беттүү болуп чыга баштаган. Андан көп өтпөй, 2007-жылы 21-сентябрда "Супер-Инфо" гезити 32 беттен турган. Ал эми 2009-жылдын 23-январында жарык көргөн "Супер-Инфонун" 325-саны 40 бет болуп чыккан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген 11 кылмышкердин баары өлтүрүлгөн. Чек араны мыйзамсыз бузуп киргендер менен кармашта Александр Барыкин каза тапкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндөгү алдын ала маалыматтар боюнча, белгисиз адамдардын жашы 25-30 жаштар чамасында, сырткы келбеттери уйгурларга түспөлдөш болгон. Кылмышкерлер жарандык кийимчен, буттарында спорттук бут кийим кийип жүрүшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Куран китеби, жайнамаз, тесме, бычак, тамак-аш менен кошо башка буюмдар табылган. Кылмышкерлердин баары өлтүрүлгөндүктөн, алардын чек арадан өтүп келгендеги себеби аныкталбай калган. 
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы Кытайдын борбору Пекиндин "Тяньаньмэнь" аянтында Кайфен шаарынан келген 4 аял жана 1 эркек бийликке каршылык катары өздөрүнө бензин куюп өрттөп жиберишкен. 2 киши каза болуп, үчөө ар кандай даражадагы күйүк алышкан. 
23-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан