“Жди меня” берүүсүнүн Кыргызстандагы
жардамчысы Салтанат Адылбек кызы: “
Башында биз Москвадан жөнөтүлгөн тизме
боюнча адамдарды издейбиз деп ойлогонбуз. Бирок көптөгөн мекендештерибиз чет
өлкөдө жоголуп, дайыны билинбей жүргөн туугандарын издеп жатышканын айтып
чалышууда. Өлкө ичинде эле бири-бирин издеп жүргөндөр да көп экен. Мындан улам атайын акция иретинде андай арыздарды да кабыл алуу менен аларды “Жди меня” берүүсүнүн
сайтына жайгаштырууну чечтик”,- деди.
Издөөгө арыз таштоочулар (0312) 660424 телефон номуруна
чалып, билдирүү калтыра алышат.
Эскерте кетсек, Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлүүчү "Жди меня" программасы жаз айларында Бишкекке келип, өз долбоорунун алкагында иш-чаралардын өткөрүлүүсү пландалган.