Чаткалда 10-класстын окуучулары мушташып, бир бала каза болду
Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын 10-классынын окуучулары мушташып, бирөөсү ошол жерден каза тапты. Муну 22-январда SUPER.KG`ге аталган айылдын тургуну кабарлады. Окуя 21-январь күнү кечинде болгон. Маалым болгондой, мектеп окуучулары диско-клубда чырдаша кетишип, бирөөсү катуу жаракат алып, ошол жерден каза болуп калган. Көз жумган баланын денеси Жалал-Абад шаарына экспертизага жиберилди. Иликтөө иштери улантылып жатканы айтылды.
Жаткан жери жайлуу болсун.каза болгон баланын.жакындарына консул айтам ..эхх жаштык мастыык деп. Тынч эле журушпойбу
+2
Saribulak
2015-01-22 22:31:03
Каныш кыялыктар барбы форумда, окуяны толук маалымдап берсенер сураныч.
+2
suiuktuujar
2015-01-22 23:11:15
Диско клубда мас болушса керекда.
0
Deesmond
2015-01-23 02:03:52
suiuktuujar, клубта соо адамдар деле мушташат
0
Bakulya79
2015-01-22 23:30:58
акыркы убакта мындай жанылыктар коп болуп жатат.жаш балдар да кандары кайнап турган маалдары.этият эле болуш керек.жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
+2
kama_future_millioner
2015-01-23 02:20:29
Ата энесине кайрат берсин, жаткан жери жайлуу болсун
0
al79mi
2015-01-23 08:33:09
азыркы жаштардын кобу энергический напиток ичишет. ошону ичип алып кандары кайнап, кучтору ашып ташып кетсе керек да....окунучтуу окуя...жапжаш бала олду, олтуруп алгандар да оз тагдырларына балта чабышты...
+2
myshka406
2015-01-23 17:48:14
мына дагы бир кылмыш, жумалап эмес кун санап осуудо, чара колдонулу, коомду башка нукка буруу кажет!!!!
0
erikkarakulja
2015-01-27 15:14:10
Тобо кылдым
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.