Гүлмира Эсенгулова: "Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыгым балдардын татыктуу келечеги үчүн аракет кылып жүргөн жаштарга стимул берет деп ойлойм”

Бүгүн, 22-январда Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, “Ак шоола” балдар ансамблинин жетекчиси Гүлмира Эсенгулова "Алтын уя" опереттасы үчүн Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын ээси болду.

SUPER.KG порталына сыйлыктын лауреаты Гүлмира Эсенгулова буларды билдирди: “Бул сыйлык жалгыз эле биздин чыгармага эмес, балдар чыгармасын өнүктүрүүгө салым кошуп келаткан чыгармачыл инсандарга берилген сыйлык деп билем. Балдарга болгон көңүл буруу деп кабыл алам. Баарыбыз балалыктан чыкканбыз, бала чакта эмнеге сугарылсак, чоңойгондо ошону кылабыз. Андыктан балдар өнөрүндөгү адабият, ыр болобу, деги эле бардык тармагына көңүл бурулуп туруш керек деп ойлойм. Балдар менен иштеп жаткан адам үчүн кандайдыр бир сыйлыкка татуу - башкы максат эмес. Мугалимди балдардын өзүң үйрөткөн нерсени өздөштүрүп, ийгиликке жеткени шыктандырат. Албетте, Т.Сатылганов атындагы сыйлык мени кубантып жатат. Бул балдардын татыктуу келечеги үчүн аракет кылып жүргөн жаштарга стимул берет деп ойлойм”. 

Белгилей кетсек, бүгүн 3 жылда бир берилчү Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыкка 4 адам татыктуу болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан