Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көчөдөн "милиция кызматкеримин" деп алдамчылык кылып жүргөн кызды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда бизге Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, 19 жаштагы кыз милиция кызматкерлерине шектүү көрүнгөн. Милиция формасындагы кызга тескөөчүлөр келип, документтерин сурашканда Токтогул районунда иштээрин айтып, документин көрсөтүүдөн баш тарткан. "Жеке текшерүүгө алышканда жанынан Кайгуул-күзөт кызматынын күбөлүгү табылган. Бирок Кайгуул-күзөт кызматы аларда Айзат Ашымова аттуу кызматкер жок экенин билдиришти",- деп маалымдашты мекемеден.
Андан кийин мурдараак Бишкектин тургундары эки күмүш чынжырчаны алдап алып алган милиция айымга чара көрүү тууралуу кайрылышканы аныкталган. Ошондой эле аталган айым сатуучуларды коркутуп, алардын азык-түлүктөрүн алып жүргөнү да белгилүү болду.
Учурда милиция кармалган кыздын башка иштерге да катышы бар же жоктугун иликтеп жатат.