2012-жылдын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 292 миллион 306 миң сом салык чогултулганы белгилүү болду. Бул салык чогултуу тармагында план 100,7 пайызга аткарылганын билдирет. Анткени былтыр аталган райондо 290 миллион 308 миң сом салык чогултуу пландалган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Былтыркы жылга караганда салык 9,7 миллион сомго көп болгонун кабарлайт өкүлчүлүк.