Кыргызстанда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Европа-Жер Ортолук деңиздик сейсмология борбору билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө саат 21:52 чамасында катталган. Анын очогу Бишкек шаарынан 27 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.