Чүй облусунда болгон жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Кечээ, 22-январда Чүй облусунда болгон жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 65чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.Жер титирөөАла-Арча, Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Эпкин жана Чолпон айылдарында
3,5-4 балл, Куйручук, Кызарт айылдарында жана Ысык-Ата курортунда 3,5 балл,
Кочкор, Тёплые Ключи айылдарында 3 балл, Бишкек, Шопоков, Кемин жана Кара-Балта
шаарларында 3 балл болгон.