Ноокен районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек – Ош унаа жолунун 531-чакырымында болгон. Анда эки унаа сүзүшүп, айдоочу жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жардам көрсөтүлгөн. Ал эми жабырлануучу Ноокен райондук ооруканасына жеткирилген.