Ала-Бука районунда жол кырсыгы катталып, катуу суукта үшүп калган жүргүнчүлөр куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Сары-Талаа айылында болгон. КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип, эки жагынан даракка кептелип,
эшиги ачылбай калган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар тиешелүү жардам көрсөтүп, үшүп калган айдоочуну жана жүргүнчүсүн үйлөрүнө жеткиришкен.