"Борбордогу дүкөндөрдүн биринен кымбат баалуу ичимдикти уурдаган" деп шектелген жаран кармалды

"Борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринен кымбат баалуу ичимдикти уурдаган" деген шек менен 30 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 23-январда билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда белгисиз жаран анын дүкөнүнөн "Хеннесси" деген аталыштагы 13 136 сомдук коньякты уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы М.Е. аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери улантылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taku0214
2015-01-24 02:11:48
Кымбат конякты ичип коройун деген го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан