Акыркы суткада өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринин үй оокаттары күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн бириндеги өрт кырсыгынан бөлмөдөгү 18 төшөк, 2 палас жана башка үй оокаттары күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна этиятсыздык себеп болгон. Ошондой эле Сузак районуна караштуу Атабеков айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Тико үлгүсүндөгү унаанын алдынкы бөлүгү толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан