Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюшулган фонд республикалык алкакта бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагын жарыялайт. Фонддун мындай иш-чараны өткөрүүсүнө айыл жерлеринде бала бакчалардын жоктугу, ата-энелердин ар кайсы мамлекеттерде иштеп, балдардын тарбиясына жетиштүү көңүл бурулбай келгендиги түрткү болгон. Анын үстүнө учурда бөбөктөргө арналган таанып-билүүчү, ой чабытын өстүрүүчү, оюн менен коштолчу кыргыз тилиндеги ырлар да жетишсиз.
Сынакка акын, композиторлор, балдар ырларын жазган мугалим-тарбиячылар, авторлор тобу, өнөрпоз бөбөктөр менен ата-энелер катыша алат. Өтүнүчтөр 2013-жылдын 5-майына чейин кабыл алынат.
Сурап-билүү үчүн (0312) 66-03-82 телефон номери аркылуу Алтынай Бегалиевага кайрылып же offise@roza.kg электрондук дарегине кат жөнөтө аласыз.