Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын Б.К. аттуу кызматкери Б.Е. аттуу айымды "уурулук фактысына катыштыгы бар" деген айып менен милиция бөлүмүнө алып келген. Бирок тиешелүү жоопту ала албагандыктан, аны коркутуп, бензинге кеткен чыгымды жабуу үчүн 1000 сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү аталган суммадагы акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.