Депутат Урмат Аманбаеванын соту убактылуу токтотулду

Депутат Урмат Аманбаеванын соту убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда анын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, ишти бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карамак. Бирок Аманбаеванын ден соолугуна байланыштуу сот иши убактылуу токтотулган. Депутат айым айыккан соң сот иштери кайрадан башталат.

Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ariet7
2015-01-23 12:24:49
биротоло эле жоюлбаптыр да сот иши
0
Arman
2015-01-23 13:42:34
Сотко да таштаганда болбосо давноле камап салыш керек эле. Кыргызстандын сот реформасы ото начар
0
uulay
2015-01-24 10:00:45
Ээ табакташы асынып алды бул эженер да акталып чыгат да.Тоок уурдаганды камашат,миллионду жегендер журот сайрандап...Ушундай саясий сазга батып кеткенибиз окундурот. Тубдиспансерге иши тушкондор билет булардын кылыгын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан