Турсунбай Бакир уулу: "Өзбекстан Сох анклавын Кыргызстанга 1,5 миллиард долларга сатуу боюнча маселе көтөрүп жатыптыр"
Депутат Турсунбай Бакир уулу Өзбекстан Сох анклавын Кыргызстанга сатуу боюнча маселе көтөрүлүп жатканын маалымдады. "Ислам Каримов атайын кеңешме өткөрүп, анда Сохту Кыргызстанга 1,5 миллиард долларга сатуу боюнча маселе көтөрүлүптүр. Анда өзбек президенти "кыргыздар өздөрү ар кимден карыз сурап араң жашап жатат, Сохту сатып алууга кайдан акча тапсын?" десе, кеңешчиси Вячеслав Голушев "жер керек болсо, акча табат" дептир. Биз мындай акчаны таба албайбыз. Ошондуктан кыргыз тарап жерлерди алмаштыруу жолун карап, анклавдарды жоюшубуз керек",- деди Бакир уулу.