6-февраль күнү саат 20:30да Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунда 540 метр куб өлчүмүндө кар көчкү түштү. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, карды тазалоо иштерине байланыштуу учурда аталган унаа жолу убактылуу жабылды. Кырсык адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.