Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап каза тапкан 16 жаштагы баланын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Ишти Ленин райондук соту карайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын 24-ноябрында 1998-жылы туулган Мамбетакун уулу Жаныш курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап каза тапкан. Ал эми 25-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы “эмгекти коргоо эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.