"Борбор калаада окуучу кыздардын зер буюмдарын уурдап жүргөн" деп шектелген 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 2 ата-энеден арыз келип түшкөн. Анда алар белгисиз кыз алардын кыздарына "сөйкөң чечилип калыптыр" деген шылтоо менен кулактарынан алтын сөйкөлөрүн чечип, уурдап кеткенин айтышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Пригородное айылынын 23 жаштагы К.Г. аттуу тургуну кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө. Эгерде сүрөттө көрсөтүлгөн кыздан жабыркагандар бар болсо, төмөнкү номурларга байланышыңыздар: (0552) 10-23-88, (0551) 10-28-45.