Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева Жалал-Абад облусунун райондоруна иш сапары менен барды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунан билдиришти.
Иш сапардын алкагында төмөнкү маселелер каралды:
- Мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыздоо;
- Бала бакчалардын жана жайлоо бала бакчасынын санын көбөйтүү жолу менен мектепке чейин даярдалган балдардын санын өстүрүү;
- 2015-жылдын 2-3-март күндөрү өтө турган Кыргызстандагы аялдардын улуттук форуму;
- Балдардын кыргыз тилиндеги заманбап ырларын жандандыруу максатында жана республикадагы балдардын руханий жактан өсүшүн жана кыргыз тилин терең үйрөтүүнү көздөгөн “Бөбөк ыры” долбоорун ишке ашыруу;
- Белгилүү инсандардын бөбөктөргө сүйүктүү жомокторду окуп берүүсү менен китеп окуу маданиятын жайылтуу, балдарды китеп окууга кызыктыруу максатында иш алып барган “Китеп окуган жылдыздар” долбоору тууралуу.